Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

"Бүтүн Кыргызстан" Иманкуловдун билдирүүсүн колдойт


Бул тууралуу аталган саясий партия тараткан билдирүүдө айтылат. Партиянын төрагасы Адахан Мадумаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын биринчи орун басары, Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Марат Иманкуловдун билдирүүсү мамлекеттик деңгээлде текшерүүгө алынышы зарыл деп эсептейт. Ошондой эле иликтөөнүн жыйынтыгы коомчулукка жарыяланышы керектиги айтылган.

Мурда кабарлангандай, УКМК төрагасынын биринчи орун басары Марат Иманкулов 24-августта билдирүү менен чыгып, жетекчиси Улуттук коопсуздук кызматын саясий күчтөрдүн куралына айландырып алды деп айткан. Коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы кечээ ага жооп кылып, Марат Иманкулов өзү кандайдыр бир долбоорлордун «куралына» айланды деген маалымат тараткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG