Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:20

УКМКда каза тапкан офицердин туугандары митингге чыкты


Баш прокуратуранын алдына Бажы кызматынын маркум офицери Фирузхон Физиевдин туугандары бүгүн митингге чыгышты. Баңги аткезчилигине каршы башкармалыктын инспектору Физиев УКМКда 29-июлда түнү каза тапкан. УКМКнын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, Физиев мыйзамсыз курал сатууга шектелип, “аны камакка алаарда каршылык көрсөтүп авто менен жашырынып, бир нече атышуулардан кийин машинеден чыга качып, Бишкектеги үйлөрдүн биринин чатырынан табылган. Колго түшүрөөрдө ал качам деп экинчи кабаттан учуп кеткен. УКМК имаратына алынып келингенден кийин жарым сааттан кийин ал алган жарааттарынан жакшы боло албай жан берген”.

Бирок маркумдун туугандары Физиев ага карата кыйноолордон улам каза тапканын айтып жатышат. Алдын ала экспертиза көрсөткөндөй, Физиев төш сөөктөрү, кабыргасы сынып, бул травмалардан алган шоктон каза тапкан.

9-августта Баш прокуратура бул окуя боюнча УКМК кызматкерлрине каршы кылмыш ишин козгогон. Бирок Физиевдин туугандарынын айтымында, "ишти тергеген адам белгисиз себептер менен иштен четтетилген. Ал эми жаңыдан түзүлгөн тергөө тобу кылмыш бетин ачуу боюнча барандуу иш жасай элек." (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG