Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Отунбаева шайлоо ыдыратууга апкелбесине ишенет


Президент Отунбаева алдыдагы президенттик шайлоо Кыргызстанды аймактык араздашууларга жана бөлүнүүгө жеткирет деген кабатыр ойлор бийликте да орун алып жатканын белгиледи. Бирок кыргызстандыктардын акыл-эси, саясый маданияты мындай бөлүнүүгө бөгөт болот деп ишендирди. "Азаттыкка" атайын маегинде Кыргыз мамлекет башчысы далай мамлекеттер ыдырап жок болот деген божомолдор дүйнөлүк тарыхта суу кечпей калганын мисал тартты. "Дүркүрөп өнүгүп жаткан Кытай, күчтүү экономикалары бар Казакстан жана Орусия курчап турганда Кыргызстан кедей жашабасын белгиледи. "Ушу бир шайлоодон өтө албай, чалынып калууга Манастын тукумдарынын акысы жок. Жери жана улуту боюнча бөлүнбөөгө элибиздин акыл-эси, саясый маданияты жана дүйнө таанымы жол бербейт", - деп тыянактады Отунбаева.

XS
SM
MD
LG