Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:29

Шаар мэрлерин шайлоо өтүүдө


Кыргызстандын 17 шаарында башчылык кызматтар үчүн шайлоо өтүп жатат. Алар - Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Баткен, Балыкчы, Каракол, Талас, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Токмок, Исфана, Чолпон-Ата, Кочкор-Ата, Кара-Суу, Ноокат, Көк-Жаңгак шаарлары. БШК бул шаарлардын башчылыгы үчүн талапкер жылдырылып бүткөнүн билдирди.

Мыйзамга ылайык, мэрлер шаардык кеңеш депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү аркылуу тандалат. Мэрликке талапкерлерди жылдыруу укугу жергиликтүү кеңеш жана өкмөт башчыда болот.

Эгер шайлоолорго жергиликтүү кенеш депутаттарынын үчтөн экиден азыраагы гана катышса, шайлоо жыйынтыгы күчкө ээ болбойт. ( EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG