Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

Нарындагы Солтон-Сары кенинде чыр чыкты


Кытайлык компания иштетип жаткан Солтон-Сары алтын кенинин Бучук аймагында чыр чыкты. Акыйкатчынын Нарындагы өкүлү Бакыт Рысбековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Эмгекчил айылынын тургундары атайын талаптар менен кенге барганда күзөттөгү тартип коргоо кызматкерлери асманга эскертүүчү ок атышкан. Көпчүлүк алардын эки автоматын тартып алып, райондук милиция жетекчилигине кийинчерээк өткөрүп берген.

Окуяда 3 милиция кызматкери жана бир нече кытайлык жумушчулар жабыркагандыгы кабарланууда, бирок тастыктала элек. Окуяны "Азаттыкка" берген интервьюсунда облус губернатору Канатбек Муратбеков тастыктап, факт боюнча кылмыш иши козголуп, териштирилип жатканын билдирди. Анын айтымында, кырдаал жөнгө салынды.
Жергиликтүү калктын талаптарын угуу үчүн 30-августта Нарынга өкмөттөн өкүлдөр келээри күтүлүүдө.

Кечээ ар кандай булактардагы маалыматтар боюнча, 250-400 чамалаш киши Солтон-Сары кенин чет элдиктер мыйзамсыз иштетип жатышат, кендер жергиликтүү ишкерлерге кайтарылсын деген сыяктуу талаптар менен чыгышкан. (EK)

XS
SM
MD
LG