Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Ливияда козголоңчулар Сирт шаарына бастырып кирүүгө даярданууда


Полковник Каддафи туулган Сирт шаарына кирүү үчүн адаватчылар даярдыктарды көрүп жатышат. Эгер шаарды жетектеп турган мурдагы бийликтин өкүлү менен кызматты өткөрүп берүү жөнүңдө сүйлөшүүлөр натыйжасыз болсо кол салуу башталат. Бул арада Муаммар Каддафинин өкүлү полковник бийликти өткөрүп берүү тууралуу сүйлөшүүгө даяр экенин жарыя кылды. Бул кайрылууга Ливиянын Улуттук өткөөл кеңеши азырынча үн чыгарыша элек.

Ливия башкаласы Триполиде гумантирадык каатчылык башталып, дары-дармек, күйүүчү май, ичүүчү суу менен тамак-аш тартыштыгы чыкты. Жаңы бийлик өкүлдөрү абалды жөнгөрүүгө убада кылып жатышат.

Бул арада Араб өлкөлөрүнүн лигасы өлкөдөгү гуманитардык каатчылыкты четтетүү үчүн БУУну Ливиянын тоңдурулган активдерин бошотууга чакырды. Сирт жана Брега шаарларында Муаммар Каддафинин күчтөрү каршылык көрсөтүп, аткылоолор уланып жатат.

Кэчээ Триполинин чет жакасындагы кампадан 50 кишинин сөөгү табылган. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, Каддафинин күчтөрү бул кампаны түрмө катары пайдаланышкан. Алар Триполиден чыгаарда камоодогу кишилерди аткылап салышкан. Азырынча өлгөндөр козголоңчуларданбы же полковниктин жаатташтарыбы, белгисиз

XS
SM
MD
LG