Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

АКШ: Атия Абд ар-Рахмандын өлүмү «ал-Кайидага» чоң сокку болду


Маалыматтарга караганда, теги ливиялык Абд ар-Рахман «ал-Кайиданын» иш-аракетин уюштуруу учурунда Пакистандын Ооганстан менен чектешкен Вазиристан аймагында 22-августта набыт болгон.

Маалыматка караганда, ал АКШнын узактан башкарылуучу учкучсуз учагынын соккусуна кабылган террорчулардын арасында болгон.

Атия Абд ар-Рахман ушул жылдын май айында Усама бин Ладендин өлүмүнөн кийин "ал-Кайида" уюмунда экинчи ири төбөл болуп калган.

Маанилүүлүгү жагынан "ал-Кайиданын" экинчи жетекчи кишиси катары эсептелген Атия Абд ар-Рахмандын өлүмү тероррдук уюмга чоң сокку болду. Бул тууралуу АКШнын өкүлү билдирди.

XS
SM
MD
LG