Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

“Ал-Кайида" экинчи ири төбөлүнөн айрылды


“Ал-Кайида” террордук уюмунда экинчи адам катары эсептелген Атия Абд ар-Рахман жок кылынды. Америкалык расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, ал өткөн апта башында Пакистандын уруулар жашаган Вазирстан аймагында, учкучсуз башкаруудагы учак сокку урганда мерт болгон.

Теги боюнча ливиялык Атия Абд ар-Рахман “ал-Кайиданын” бийлик тепкичиндеги экинчи адамга уюмдун жол башчысы Усама бин Ладен быйыл майда АКШнын атайын күчтөрү тарабынан Пакистандын Абботтабад шаарындагы операцияда жок кылынгандан кийин көтөрүлгөн.

Ал ага чейин эле “ал-Кайиданын” террордук чараларын уюштурууда жана террордук түйүндүн дүйнөнүн булуң-бурчундагы бөлүмчөлөрүн түзүүдө чечүүчү ролду ойногон.

Маалыматтарга караганда, ал Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштагы исламчыл топтор ортосунда байланыштыруучу катары да кызмат кылган.


Усама бин Ладен ушул үйдөн жок кылынган.

Атия Абд ар-Рахман жакында араб дүйнөсүндөгү элдик толкундоолор жөнүндө сүйлөп, “ал-Кайиданын” ал чөлкөмдөгү жактоочуларын өз өлкөлөрүндөгү көтөрүлүштөрдү аларга исламчыл согушкерлер дем бербеген күндө деле колдоого чакырган.



“Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын Пакистан жана Ооганстанга адистешкен кабарчысы Абубакар Сыддыкинин айтымында, Абд ар-Рахманга маркум Усама бин Ладендин жеке иштерин аткарууда да ишеними артылып жүргөндөй, ал ошондой эле Ооганстанда америкалык аскер кызматчыларга кол салууну уюштурууда да өз ролун ойноп келген:

-Ал “ал-Кайиданын” Иранга чабарманы болгон. Ошондой эле ал талылуу маселелер, анын ичинде Усама бин Ладендин Иранда узак убакыттан бери жашаган кээ бир үй-бүлө мүчөлөрүн ачыкка чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн деген жоромолдор бар. Биз билген маалыматтар боюнча ал 2009-жылдын декабрында Ооганстандын Хост шаарында БЧКнын (ЦРУ) бекетине кол салууну пландоодо жана аткарууда ал кандайдыр бир деңгээлде роль ойногон.

Мухаммад Саад - Пакистан армиясынын мурдагы офицери, азыр коопсуздук чөйрөсү боюнча талдоочу.

Атия Абд ар-Рахман
Ал “Азаттыктын” пакистан кызматы менен маегинде белгилегендей, Абд ар-Рахмандын өлүмү “ал-Кайиданын” ишине албетте таасирин берет, бирок уюм ансыз деле жашап кете алат:

-Таанымал лидердин өз жөндөмү, мүмкүнчүлүгү бар жана андай адам өлгөндө уюмуна кандайдыр бир таасир болот. Мында шек жок. Бирок “ал-Кайида” сыяктуу уюм - бул көбүнесе идеология. Ал идеологияны талкалоо үчүн карама–каршы идеология керек.

Талдоочулар Абд ар-Рахмандын өлүмү “ал-Кайиданын” Түндүк Африкадагы ишмердигине да таасир берерин айтышууда.

“Ал-Кайидагы” иликтөөгө адистешкен пакистандык серепчи Рахимулла Юсуфзайдын пикиринде, Абд ар-Рахманды башка бирөө менен алмаштырууга келгенде бул террордук түйүндө тандоо мүмкүнчүлүгү аз эле болот:

-Усама бин Ладен өлтүрүлгөндө, “ал-Кайиданын” башчысы катары аны Айман аз-Завахри алмаштырат деп баары күтүшкөн. Андан башка маанилүү ысымдар да ачыкка чыккан. Алар Атия Абд ар-Рахман, Сайфул Адил, Абу Яхья ал-Либилер болчу. Булар - “ал-Кайиданын” жогорку жетекчилигинин калган адамдары. Атия Абд ар-Рахманды ушулардын бири алмаштырат. Бирок менимче “ал-Кайидада” тандоо абдан эле чамалуу. Анткени (жетекчиликте) бир аз эле киши калууда.

АКШнын коргоо министри Леон Панетта өткөн айда Ооганстанга жасаган сапары учурунда эгер Кошмо Штаттар жана алардын өнөктөштөрү “ал-Кайиданын” өзөгүн түзгөндөрдөн калган жыйырмадай адамды кармаса же жок кылса, бул террордук түйүн стратегиялык жеңилүүгө учурайт деп белгилеген болчу.

XS
SM
MD
LG