Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

Бахрейндин падышасы демонстранттарды кечирди


Бахрейндин падышасы Хамад демократиячыл демонстрациялардын катышуучуларын кечиргенин билдирди. Алар падышага акаарат келтиргендиги үчүн айыпталышкан. Монарх ошондой оор кылмыштар үчүн күнөөлөнүп жаткан активисттердин иштери аскерий соттордон жарандык сотторго берилээрин, митингдерге катышкандыгы үчүн окуудан чыгарылган студенттер университеттерине кайтуу укугуна ээ болушаарын айтты. Араб дүйнөсүндөгү демонстрациялардын шарапаты менен тутанган манифестациялар Бахрейнде март айында Сауд Арабия баштаган өлкөлөрдүн аскерлери киргизилгенде күч менен басылган. Кагылышууларда расмий маалыматтарга ылайык, 24 киши набыт кеткен.

XS
SM
MD
LG