Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:56

Соттор кеңеши доо-арыздар боюнча алты жумушчу топ түздү


Бул тууралуу Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, кеңештин жыйыны өтүп жаткан жайда атайын маалымат борбор ачылат жана анда маалымдоо каражаттарына, бейөкмөт уюмдарга жасалган иштер тууралуу такай айтып турушат. Ошондой эле түшкөн доо-арыздарды, сунуштарды иргеп иликтөө үчүн алты жумушчу топ түзүлдү.

15-августта Сотторду тандоо кеңеши тууралуу Жогорку Кеңештин жыйыны кызуу талкуу менен коштолгон болчу. Анда Кеңештин ишине биртоп сындар айтылып, төрагасы Замирбек Базарбеков өз эрки менен кызматын тапшырган эле. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG