Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:39

Москвада кыргыз жараны 4 мекендешин атып кетти


Бул тууралуу журналисттерге Орусиянын борбор калаасынын Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, окуя 28-августта эртең мененки төрттөрдө Москванын түштүк-чыгышындагы кафелердин биринде болгон. Бир кыргызстандык төрт кыргыз жаранын тапанча менен атып, жарадар кылганы тууралуу кабарланганы менен азырынча толук маалымат бериле элек.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Алмаз Абдисияев элчиликтин кызматкерлери бүгүн окуя болгон жерде жүрүшкөнүн, бирок азырынча так маалымат айтуу кыйын экенин "Азаттыкка" билдирди.

Бир нече маалымат агенттиктерде жараат алгандар ооруканага жеткирилип, ал эми аткан киши качып кеткени айтылууда. (AiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG