Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:34

Көк бөрү: баш байге үчүн “Кабылан” менен “Суусамыр” беттешет


Бүгүн Бишкекте “Ак кула” ат майданында эгемендиктин 20 жылдыгына карата президенттин кубогуна арналган көк бөрү оюнунун жарым финалдык таймашуулары өттү. Көк бөрү федерациясынын басма сөз катчысы Табылды Асыгалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, анда өлкөнүн беш жолку чемпиону, Сокулуктун “Бөрүлүү” командасы Ысык-Көлдүн “Кабылан” тобунан 7:2 эсебинде утулуп калды. Экинчи жарым финалда Чүй облусунун “Суусамыр” командасы Сокулук районунун “Аюу” тобун 11:1 эсебинде жеңди.

Эми 31-августта баш байге үчүн таймашта “Кабылан” менен “Суусамыр” беттешмекчи. Таймашка жалпысынан 11 топ катышкан болчу. Көк бөрү мелдеши 26-августта башталган. (EBM)

XS
SM
MD
LG