Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

Россия: Тажик-ооган чек арасына орус аскерлери кайра барыш керек


Орус чек арачылары тажик-ооган чек арасына кайра кайтарылыш керек. Мындай билдирүүнү Россиянын наркозаттарга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Виктор Иванов жасады. “Биздин жоокерлер тажик-ооган чек арасын күзөткөн кезде жылына 5 тонна героин колго түшүрүлчү. Азыр бир жылда 200 килодой гана героин кармалат”, - деди Иванов. Ал россиялык чек арачыларды Тажикстанга кайтаруу “саясый” маселе жана эки өмөт аралык келишимге багыңкы деп кошумчалады. Иванов ошондой эле Россия Казакстан, Кыргызстан, Тажикстанга маң аткезчилигине каршы күрөштө финансылык жардамды көбөйтөрүн белгилей кетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG