Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:32

Алтын кен айланасындагы араздашуулар


Ай башында Чоң-Алайдын Дароот-Коргон айылынын тургундары да алтын кен иштетүүчү кытайлык “Интербизнес Кайди” компаниясынын ишин текшерүү талабы менен чыккан эле. 11-август.
Ай башында Чоң-Алайдын Дароот-Коргон айылынын тургундары да алтын кен иштетүүчү кытайлык “Интербизнес Кайди” компаниясынын ишин текшерүү талабы менен чыккан эле. 11-август.

Мурдагы президент Бакиевдин тушунда чет элдик компаниялар иштетишине уруксат берилген алтын кендер айланасында чыр-чатактар курчуй баштады.

Өткөн жылкы 7-апрелден кийин келген бийлик уруксатнаамелердин чет элдик компанияларга берилишинин мыйзамдуулугун текшерип баштап, бирок анын жыйынтыгын бир жылдан бери чыгара элек.


Удаалашкан “ураандар”


Алтын кендерин иштетип жатышкан айрым бир чет элдик компанияларга жергиликтүү тургундардын каршы чыгуулары күчөдү. Өткөн жумада Ала-Буканын Терек-Сай айылынын тургундары Иштамберди алтын кенин иштеткен кытайлык компаниянын ишин токтотуу талабын коюп, жол тосушса, жуманын аягында Нарындагы Солтон-Сары кенин казып жатышкан дагы бир кытайылык компаниянын кызматкерлерине кол салуу учуру катталды.

Эмгекчил айылынын тургуну Бердибек Дайыров чатактын себеби алтын кенин жергиликтүү калк өзү иштетиш керек деген талапка байланыштуу экендигин белгиледи:

Биз ал жакты басып алалы деген ниетибиз жок. Бул жерде эмне үчүн баягы эле кытайлыктар келип атат? Эмне үчүн кыргыз балдар иштебейт? Биздин талабыз ушул – кытайлыктар кетсин! Кыргыздын балдары иштесин. Кытайлыктар иштегидей болсо, биздин ылдыйкы айыл өзүнө лицензия алсын, кытайлыктар ошонун карамагында иштегидей болсун.

Ала-Букадагы Иштамберди алтын кенин казууга учурунда жең ичинен уруксат берилген деп эсептеген жергиликтүү тургундар анын наркы абдан арзанга баалангандыгын айтып чыгышты. Ошол эле учурда чет элдик компания инвестор катары алтын кенин иштетүү жөндөмдүүлүгүн көрсөтө албагандыгы айтылып келет.

Алабукалык Улан Турдалиев мурдагы бийлик учурунда элдин кызыкчылыгына каршы түзүлгөн келишимдердин учурда кайрадан каралбай жаткандыгына нааразычылыгын билдирди:

- Мына ушул кен ачылып, иштегенден бери элге бир тыйынчалык пайдасы болгон жок. Тескерисинче зыяны көп. Бул кенди кырк миллион АКШ долларына эле сатып жиберишкен экен. Бирок мындагы алтын запасы “Кумтөрдөн” кийинки эле орунда туруп, 4 миллиард долларлык алтын бар экендигин жергиликтүү геологдор айтып жатышат. Бул 80 тоннадан ашуун алтын өндүрүлөт деген сөз. Анан мына ошол акчаны дагы жөн эле Ош - Эркеч-Там жолун куруп берүүгө убадалашышкан экен. Бул эмне деген чыккынчылык.

Убара кылган убадабы?

Өткөн он жыл аралыгында чет элдик компанияларга жыйырмадан ашуун ири алтын кендерин казып алууга уруксат берилген. Алтын казып алуу укугун берүү көпчүлүк учурларда мыйзамсыздыктар менен коштолгондугун айткан жаңы бийлик өкүлдөрү анын баардыгы кайрадан текшериле тургандыгын убада кылган болчу.

Бирок тоо-кенчилер биримдигинин төрагасы Орозбек Дүйшеев учурда мурдагы бийликтин тушунда калыптанган коррупциялык “схемаларды” сактап калууга азыркы атка минерлер кызыкдар болуп жатышкандыгын ачыктады:

- Бул иштер 2006-2007-жылдары Максим Бакиевдин айланасындагылар аркылуу түшүнүксүз бир “схемалар” аркылуу чет элдик компанияларга сатыла баштаган. Албетте, мына ошол бергендердин кандайдыр бир кызыкчылыгы аркылуу. Өткөн жылы августта президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен мамлекеттик комиссия түзүлүп, биз мына ошол компаниялар лицензияларды кандайча жол менен алышкандыгын жана алардын мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген аракеттери боюнча маалыматтарды топтоп бергенбиз. Бирок мына азыркы жаратылыш ресурстар министри Замирбек Эсенаманов бул маселеге көңүл буруп, жыйынтык чыгарбай жатат.

Алтын кендерин чалгындоого же болбосо казып алууга берилген уруксаттарды текшерүү иштери көп убакытты алып жатат. Ошол эле учурда алтын кендеринин айланасындагы ызы-чуулар кабатырлыкты жаратууда. Бул туурасында билдирген жаратылыш ресурстар министрлигинин маалымат катчысы Касиет Карачолокова иликтөө иштеринин аягына чекит коюла электигине байланыштуу азыркы бийликти бир жактуу айыптоого негиз жок деп эсептейт:

- Ар бир компаниянын алган лицензиясы, макулдашуунун шарттары жана реалдуу түрдө жасалган иштер боюнча иликтөө жүргүзүлгөн. Баш-аягы эки жүздөн ашуун лицензия кайрадан текшерилди. Ал иштер дагы деле жүрүп жатат. Мына ошолордун ичинен жыйырмадан ашуун компаниянын лицензиясы боюнча материалдар тиешелүү тергөө органдарына берилген.

Учурда алтындын дүйнөлүк баасы күн санап өсүп, азыр анын бир унцийи бир миң сегиз жүздөн ашык АКШ долларын түздү. Мындай шартта атайын адистер Кыргызстан алтын кендерин өзүнүн күчү менен иштетсе туура болмок деген ойду карманууда.

XS
SM
MD
LG