Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

7-апрель окуясы боюнча сотто күбө мурдагы көрсөтмөсүнөн баш тартты


Улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы 9-бөлүмдүн кызматкери, 7-апрель окуясы боюнча сотто күбө өтүп жаткан Руслан Аракеев кечээки сот жараянында Өкмөт үйүнө жакындап келген адамдарга ок чыгаруу буйругу болбогондугун айтып, тергөөдө берген көрсөтмөсүн танды. Ал муну “тергөө учурунда апрель окуяларынан кийин өзүнө келе албай жаткан мезгилде тергөөчү жазып берген кагазга карабай кол коюп бергени” менен түшүндүрдү. Ал 7-апрель күнү Өкмөт үйүн кайтарып жатып, мылтыгынан бир да ок чыгарбаганын, бардык окту толугу менен 8-апрель күнү кайтарып бергенин билдирди. Ошол эле күнү күбө катары көрсөтмө берген мурунку мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери да жетекчилик тарабынан элди аткыла деген буйрук болбогонун, 7-апрель күнү Ак үйгө кирүүгө аракет кылган элдин колунда күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү көргөнүн айтышты. 2010-жылы 7-апрелде Өкмөт үйүндө радиобайланыш аркылуу командирлерди байланыштырып турган радист Алексей Яковлев мурунку мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев жаалданган эл Өкмөт үйүнүн коргонуна жабышкан учурда бут алдына атууга буйрук бергенин билдирди.

Күбөлөрдүн мындай көрсөтмөлөрүнө жабырлануучулар жана алардын адвокаттары макул эмес. Адвокат Осунбек Жамансариев апрель окуясы боюнча сотто коопсуздук кызматынын кызматкерлери атайын жалган айтып, мурдагы берген көрсөтмөлөрүнөн танып жатышат деген пикирин “Азаттыкка” билдирди.

2010-жылы 7-апрелде Өкмөт үйүнүн алдында атылган октон 87 киши курман болуп, ондогон киши жаракат алган. Бул окуя боюнча мурдагы бийлик башында турган президент Курманбек Бакиевден тартып, 28 кишиге айып тагылып, соттук териштирүү жүрүп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG