Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:39

Каддафинин үй-бүлөсү Алжирде жүрөт


Каддафинин жубайы менен 3 баласы Алжирде баш калкалашууда. Бул тууралуу ал өлкөнүн тышкы иштер министрлиги маалымдады. Алар Алжирге 29-августта машине менен барышкан. Франциялык France 24 телеканалы маалымдаганына караганда, кызы Айша кош бойлуу. Улуттук өткөөл кеңешинин өкүлү алардын экстрадициясын талап кылышаарын билдирди. Ал тапта Ливиядагы жаңжалга тартылган өлкөлөрдүн аскерий жетекчилери Катардагы жолугушууда операция Ливия эли өз максатына жетмейинче токтотулбайт деп макулдашышты. Козголоңчулардын куралдуу күчтөрү Каддафинин туулган шаары Сиртке жакындашканын ырасташууда. Алар ошондой эле Каддафинин уулу Хамис 27-августта Триполинин жанындагы салгылашууда набыт болгонун билдиришти. Бул маалыматты көз карандысыз булактар тастыкташты. АКШнын расмий өкүлү Вашингтон Хамистин өлүмү жөнүндөгү кабарды бышыктай албастыгын, бирок ишенимдүү булактардан ушундай эле маалымат түшкөнүн айтты. Ал эми Ливиянын лидери өзү кайда экени белгисиз.

XS
SM
MD
LG