Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Солтон-Сары чатагы боюнча кылмыш иш козголду


Бул тууралуу Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, азыр тергөөгө байланыштуу кенде иш токтоп турат. Чатакка тиешеси бар деп шектелгендерге иликтеп издөө жүрүп жатат. Губернатор 3-сентябрда жаратылыш ресурстары министри, “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси жергиликтүү эл менен жолугуп, чет өлкөлүк инвесторлорго кен иштетүүгө лицензия берүүнүн жол-жобосун түшүндүрөөрүн маалымдады.

Солтон-Сары алтын кени «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын карамагында, ал эми кендин бир бөлүгү болгон Бучук алтын кени мындан үч жыл мурун жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан Кытай ишкерлерине берилген.

26-август күнү Нарындын Эмгекчил айылынын 300дөй тургуну Солтон-Сары алтын кениндеги Бучук кенин кытайлыктар иштетип жатканына нааразыланып, ишканадагы үч милиционерди жана кытайлык үч жумушчуну сабап салышкан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG