Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Аба ырайы: чукул эскертүү


30-августтан, 1-сентябрга чейин нөшөрлөп жааган жаанга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн.

31-августта маал-маалы менен жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл кылаасында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25 градус жылуу. Талас облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25 градус жылуу. Баткен облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22 градус жылуу.

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25 градус жылуу. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18 градус жылуу. Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20 градус жылуу.

Бишкекте 31-августта жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11.. 13, күндүз 21... 23 градус жылуу болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG