Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Каддафинин үй-бүлөсү Алжирде


Каддафинин аялы Сафия, (солдо) кызы Айша жана уулу Ханнибал
Каддафинин аялы Сафия, (солдо) кызы Айша жана уулу Ханнибал

Ливиянын жашырынып жүргөн жол башчысы Моаммар Каддафинин үй-бүлө мүчөлөрү Алжирге качып кетишти.

Триполиде убактылуу бийлик аларды чыгарып берүүнү талап кылууда.


Өткөөл кеңеш Алжирди айыптоодо


Ливиянын козголоңчулары Моаммар Каддафинин аялын үч баласы менен чогуу кабыл алган Алжирди Ливияга каршы агрессияда айыптады. Каддафинин экинчи аялы Сафия Фаркаш Алжирге дүйшөмбү күнү Каддафинин 34 жаштагы кызы Айеша жана Мухаммад, Ханнибал деген эки уулу менен келгенин Алжирдин тышкы иштер министрлиги бышыктады.

Бул окуя Алжир менен козголоңчулардын Улуттук Өткөөл кеңеши көзөмөлдөгөн Триполини тирештирди.

Ливиянын жаңы өкмөтү катары өз турумун бекемдеп жаткан Өткөөл кеңештин маалымат катчысы Махмуд Шаммам Триполинин жаңы бийликтери Каддафинин үй-бүлөсүн Алжирден чыгарып алуунун аракетинде болоорун мындайча билдирди:

- Бул - Ливиянын элине, анын каалоосуна жана үмүт-тилегине каршы келген агрессиячыл кадам. Бул кылмышкерлерди чыгарып алып, соттоо үчүн биз бардык мыйзамдуу чараларды колдонобуз. Биз Каддафинин өзүнө же анын урук-туугандарына баш калканч берген адамдар Ливия элинин душманы экендигин, ошондуктан Ливиянын эли дүйнөнүн кайсы жеринде болсо да алардын артынан сая түшөөрүн эскертебиз.

Каддафинин өзү кайда экени белгисиз бойдон. Улуттук Өткөөл кеңеш аны балдары менен кошо ондогон жылдардан берки зөөкүр бийлиги үчүн сот жообуна тартууну максат кылууда, антпесе, Каддафи балдары менен Ливияда жаңы козголоң чыгарышы мүмкүн деп коркушат.

Шаммамдын айтымында, Алжирдин өкмөтү Каддафинин аялы менен балдарына алар кайсы бир «чыгыш европалык» өлкөгө чыгып кеткенчекти баш калканч берди. Кеп балким Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевди кабыл алган Беларус жөнүндө болуп жаткан болушу да ыктымал.


Алжирге качып кеткен Каддафилер кимдер?


Каддафинин тун уулу Мухаммад ал-Каддафи Каддафинин биринчи аялы Фатихадан төрөлгөн жалгыз бала. Каддафинин экинчи аялы, азыр Алжирге качкан Сафия Фаркаштын тун уулу Саиф ал-Ислам менен Мухаммад алты ай мурда башталган козголоңго чейин Каддафинин бийлик мураскору деп саналчу.

Мухаммад Ливиянын Олимпия комитетин башкарган, ал ошондой эле Ливиядагы бардык мобилдик, спутникалык байланышты камсыз кылып, өлкөдөгү негизги интернет кызматын көрсөткөн телекоммуникация ишканасынын төрагасы болгон. Ал өткөн аптада Триполиде козголоңчулар тарабынан кармалып, бирок эртеси туткундан качып кеткен эле.

Аны менен кошо Алжирге келген аталаш иниси Ханнибал ал-Каддафи мурда мунай экспортуна адистешкен Ливиянын Улуттук деңиз унаа компаниясында иштеген. Аны Европада бир катар зордукчул аракеттерине байланыштуу жакшы билишет. 2005те ал Парижде кош бойлуу сүйлөшкөн кызын сабагандыгы маалым. Мындан үч жылдан кийин Ханнибал Швецариянын Женева шаарындагы мейманканада эки кызматкер бизди урду деп даттангандан кийин камакка алынган. Бул окуяга байланыштуу Каддафинин режими швецариялык товарларды бойкоттоп, бул өлкөнүн компанияларын өлкөдөн чыгарып жиберген.

Алжирге качкан Каддафинин кызы Айеша ал-Каддафинин кесиби адвокат, Ирактын өлүм жазасына тартылган мамлекет башчысы Саддам Хуссейнди коргогон адвокаттар тобунун мүчөсү болгон. Ал атасынын бөлөсүнө 2006-жылы турмушка чыккан.

XS
SM
MD
LG