Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Ливия: Укук коргоочулар Мисураттагы аскердик кылмыштарды маалымдоодо


«Адам укуктары үчүн дарыгерлер» мекемеси Муамар Каддафинин бийлиги Мисурат шаары үчүн кагылышууларда бир нече аскердик кылмыштарды жасаганын жарыя кылды. Маалыматта шаар тургундарынын күбө өтүүсү менен Каддафинин аскерлери тарабынан жасалган Мисураттагы өлтүрүүлөр, кыйноолор менен зордуктоолор айтылып, НАТОнун аба соккусунан коргонуу үчүн аскердик мекемелерге жаш балдарды тосмо катары пайдаланганы көрсөтүлгөн.

Ал арада Ливиянын жаңы бийлиги Муамар Каддафинин Алжирге качып кеткен аялын жана 3 баласын кайтарып алууга жетишээрин жана кулатылган бийликтин калган аскерлерине куралдарын ишембиге чейин таштоосун жарыялады. Эгер андай болбосо катуу соккуга кабыласыңар деп эскертти Ливиянын Улуттук өткөөл кенеши. Полковник Каддафинин кайсыл жерде экени алиге белгисиз бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG