Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Кыргызстандын эгемендигине 20 жыл


Буга байланыштуу салтанаттуу иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында болот. Бишкектеги борбордук аянтта мамлекет башчы Роза Отунбаева, ЖК төрагасы Акматбек Келдибеков жана өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда чоң салтанат уюштурулуп, аскердик парад болот. Салтанатка сырттан келген коноктор, чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилери күбө болушат. Салтанаттуу иш-чаранын аягында ар кандай оюн-зооктор уюштурулат. Ошондой эле аянттагы Эл достугу үйүнүн алдында ар кандай улуттардын тамак-аш, кийим-кечелеринин жана улуттук буюм-тайымдарынын жарманкеси болот.

Бул күнү коомдук тиртипти сактоо үчүн жалпысынан 4,5 миң милиция кызматкери күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары коопсуздукту камсыз кылуу үчүн элдик кошуундар тартыларын жана бардык күч түзүмдөрү биргелешип иштей турганын ИИМ басма сөз кызматы кабарлаган.

Эгемендиктин 20 жылдык мааракесин белгилөөгө 30 млн. сом бөлүнгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG