Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

“Центерра Голддо” Кыргызстандын өкүлдөрү көбөйөт


30-августта премьер-министр Алмазбек Атамбаев “Кумтөр” алтын кенин иштеткен “Центерра Голд Инк” компаниясынын жетекчиси менен жолукту. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, жолугушууда компаниянын башчысы Стивен Ланг Кыргызстанда жаңы мектептерди курууга 10 миллион доллар бөлүнгөнү жатканын маалымдады. Ошондой эле тараптар “Центерранын” Социалдык фондго төлөмдөрүн көбөйтүүнү макулдашты. Компаниянын деректирлер кеңешиндеги Кыргызстандын өкүлү экиден үчкө көбөйө турган болду.

Өлкөдө “Кумтөр” алтын кени боюнча келишимди кайра түзүүнү талап кылган бир канча нааразылык иш-чаралар өткөн болчу.

Кыргызстан “Кумтөр” алтын кенин иштетип жаткан “Центерра” компаниясынын отуз үч пайыз акциясына ээлик кылат. (EBM)

XS
SM
MD
LG