Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Кыргызстандын эгемендигине 20 жыл


Аскердик парад.
Аскердик парад.

Өлкө эгемендигинин 20 жылдыгына арналган Ала-Тоо аянтындагы салтанат Манастын айкелин ачуу менен башталды.

Манастын айкели ачылган соң Борбор калаа Бишкекте мааракеге карата аскердик парад болуп, ага Коргоо, Ички иштер, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин, Улуттук Гвардия, УКМКнын чек ара кызматынын жана жазык аткаруу кызматынын күзөт департаментинин аскердик техникалары жана жоокерлери катышты. Коргоо министрлигинен билдиришкендей, парадга аскердик күжүрмөн техниканын 80ден ашуун түрү чыгарылды.

Андан соң Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, эмгекчилер, ар кайсы улуттун өкүлдөрү, 40 атчан чоролор, Бишкектин төрт районунун кызматкерлери жана ишканалар кезек менен параддан өтүштү. Бул карнавал, театрлаштырылган оюн-зооктор менен коштолду.


20 жыл ичинде Кыргызстан чын эле эгемен өлкө боло алдыбы?


Бул суроого салтанаттын катышчуучалары, Бишкек шаарынын тургундары, коноктору жооп берди:

Эгемендик салтанаты

x
- Айтматовдун айкелинин коюлганы абдан эле жакшы болду. 20 жылда жакшы эле кыйналдык эле, бирок ушул айкелдерди көрүп кыйналганыбыз чыгып кетти. Ушуга жеткенибизге Кудайго тообо.

- Эгемен өлкө болду деп айтаар элем, көп өзгөрүүлөр болду. Кемчилектер жок эмес, бирок көч бара бара түзөлөт. Ынтымак, тынчтык болсун деп тилейм.

- Биз өзүбүздүн эч нерсебизди жасаган жокпуз да. Эгер Казакстан, Түркмөнстан өзүнүн “Менин” түзүп алса, биз эч нерсе жасай алган жокпуз.


Баштан нелер гана өтпөдү


Ошентип, мындан туура 20 жыл илгери дүйнөнүн саясий картасында жаңы мамлекет - Эгемендүү Кыргызстан пайда болгон. Ушул жылдар арасында Кыргызстанды 3 президент башкарып, 22 өкмөт башчы, 10дон ашуун ЖК төрагасы иштеген экен. Бул аралыкта Кыргызстан кыйла кыйынчылыктар менен сыноолорду башынан өткөрдү. Өткөн кылым соңунда сырттан жоо күчтөрү кол салган. Эки ирээт ыңкылап болуп, эки президент тең бийликтен кулатылды.

Кыргызстан биринчи жолу Борбор Азияда парламенттик бийлик тутумун куруу жолун тандап алды. Былтыр өлкө түштүгү бир нече күн бою этнос аралык кандуу кагылыштарга кириптер болгон. Ушундан улам да болсо керек 20 жылдык мааракеде ынтымак, биримдик деген сөздөргө, ураандарга көбүрөөк басым жасалды.

Мааракеде сөз сүйлөгөн президент Роза Отунбаева да ушул нерсеге көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

- Биз бир өлкөнүн жарандарыбыз. Биздин мекенибиз дал ушул жерде, ак мөңгүлүү Ала-Тоонун койнунда. Биздин ыйык милдетибиз – ушул ажайып жерибизди коргоо, тилибизге, динибизге, өң-түсүбүзгө бөлүнбөстөн бири-бирибизди урматтоо болуп саналат. Ошондуктан баарыбыз өлкөбүздү келечекте жогору өнүккөн жана гүлдөгөн мамлекетке айландыруу үчүн белди бекем бууп, эмгектенүүгө тийишпиз.

Ал эми бул күнү коомдук тиртипти сактоо үчүн республика боюнча 4,5 миң милиция кызматкери, элдик кошуундар тартылып жана бардык күч түзүмдөрү биргелешип иш паландар аткарышмакчы. Майрамдык салтанат жалпы элдик сейилдөөлөр, кечинде чоң концерт менен уланмакчы.


Кыргызстандын эгемендигине 20 жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:49 0:00
Түз линк
XS
SM
MD
LG