Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Сириянын аскерлери Хама шаарында рейд жүргүздү


Сирияда оппозиция жактоочуларын күч менен басуу уланууда. Жергиликтүү тургундардын айтымында, Хама шаарынын эки районунда танкттар коштогон жоокерлер өткөн түнү рейд жүргүзүштү. Тургундар ошондой эле шаардын түндүк босогосунда куралдуу аскерлер жайгаштырылганын билдиришүүдө. Мындай маалыматтар Хама шаарынан Сирия бийликтеринин аскерлер ал жерден чыгып кетти деген билдирүүсүнө карабай түшүүдө. Борбор Дамасктан 200 чакырым түндүктө жайгашкан Хама шаарында демократияны жактаган демонстранттарды күч басуу аракеттери он күнгө созулган. Ушул шаарда 1992-жылы Сириянын өкмөттүк аскерлери кыргын уюштурган болчу.

Бул аралыкта Вашингтондо америкалык администрация президент Башар Ассад демонстранттарды кан төгүү менен басып жатканына жооп катары Сириянын тышкы иштер министринин жана башка эки расмий адамынын АКШдагы активдерин тоңдурду.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG