Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

Грозныйда жанкечтилер Айтка "белек" жасашты


Саперлер жанкечтилер өзүн бомба менен жардырган жайда бомба издешүүдө. Грозный. 31-август 2011
Саперлер жанкечтилер өзүн бомба менен жардырган жайда бомба издешүүдө. Грозный. 31-август 2011

30-августта куптан ченде Чеченстандан байтакты Грозныйда удаа-удаа болгон жардырууда 9 киши курман болду. Өлгөндөрдүн көпчүлүгү полициячылар.

Мусулмандардын ыйык Рамазан айынын акыркы күнкү бомба чабуулунда жарадар болгон 22 адамдын айрымдарынын абалы оор экени ырасмий маалымдалды. Полициянын билдиришинче, үч бомбаны тең жанкечтилер жардырган. Былтыр октябрда Чечен парламентине согушчандардын чакан тобу кол салып, алар жок кылынганга же өздөрүн жарып жибергенге чейин үч адамдын өмүрүнө зобун келтирген.
Мусулмандар ыйык Айт намазын окушууда. Грозныйдагы башкы мечит. 31-август


Айтта кара кийгизген чабуул

Чеченстанда 31-август Айт майрамы. Бирок Орозо айы бүткөн күн ордо шаар Грозный үчүн акыркы жылдардагы эң кандуу күн болду. Ырасмий айтылганга караганда, 30-августта куптан ченде полициянын черүүсү республика парламентинен 50 метрдей жерде көчөдө бараткан адамды токтотмок болгондо, ал өзүн жардырып жиберген. Жардыруу болгон жерге полиция жана жолоочулар чогулуп турганда башка эки жанкечти өздөрүн жардырган. Удаа-удаа жардыруу 9 кишинин өмүрүн алганын Россиянын ички иштер министри Рашид Нургалиев билдирди. Мурдараак 30-августта куптан чамасындагы чабуулда 22 адам жарадар болуп, кээ бирлери оор абалда экени кабарланган. Өлгөндөрдүн көпчүлүгү полиция кызматкерлери.

Чеченстан президенти Рамазан Кадыров жанкечтилерди “атайын машыктырылган манкурттар” деп атап, алар “жалпы мусулмандардын ыйык күнү бизге ый алып келди” деди. Россиянын түштүгүн пааналаган бир да топ жардыруу үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө ала элек. Бирок Кадыров Айт алдындагы бомба чабуулдары үчүн Чечен козголоңчусу Доку Умаровду күнөөлөдү.

- Бу чабуулду Доку Умаровдун группасы уюштурду. Азыркы биздин борчубуз: аларды табуу. Алар дагы бир жолу адам эмес экенин, мусулман эмес экенин жана алар үчүн адам өмүрү эч нерсеге турбасын көрсөтүштү.

Доку Умаров өзүн “Кавказдын эмири” деп жарыялаган. Анын тегерегине региондо төбөлсүз ислам мамлекетин курууну көздөгөн козголоңчулар чогулган. Умаровдун ырасташынча, быйыл январда Москванын Домодедово аэропортунда жардырууну ал уюштурган.
Чечен козголоңчулары (солдон оңго) Асланбек Вадалов, Доку Умаров жана Муханнад "YouTube" видеосандыкчасына жайгаштырылган тасмада. Август 2010

Анда бомба чабуулунан 36 киши өлүп, 180 киши жарадар болгон. Ал былтыр мартта Москва метросунда болгон жанкечтилердин чабуулу үчүн да жоопкерчиликти өзүнө алган. Бу чабуулда 39 кишинин каны төгүлгөн. Орус бийликтери 2009-жылы ноябрда Москва-Петербург поездин жолдон чыгарып, 26 кишинин өмүрүн жуткан жардыруу үчүн Умаровду күнөөлөгөн.

Жанкечтилер кимдер?

Тергөөчүлөр шейшемби күнү Грозныйда бомба жардырган үч жанкечтинин экөөсүнүн кимдигин аныкташканын билдиришти. Алар Урус-Мартан районун 22 жашар тургуну Магомед Дашаев жана Мунай институтунун студенти, Старый Атаги кыштагында туулган 22 жаштагы Адлан Хамидов экен. Жанкечтилердин бири бир жыл мурда Грозныйдын концерттик залынын алдында өзүн өзү жардырган террорчунун бир тууган агасы экени такталганын Чечен президенти Рамазанов диниятчылар менен кездешүүдө айтты.

Чеченстанда былтыр 37 жолу жанкечтилердин чабуулу жана бомба жардыруулары болгону маалымдалган. Ал эми 2009-жылы 58 жолу бомба чабуулу болгону ырасмий кабарланган.

Орус өкмөтү Түндүк Кавказда козголоңчулар менен 1991-жылдан бери согушуп келет. Кремль 1994-96-жылдары Чеченстанда жикчилерге каршы согуш жүргүзгөн. 1999-жылы экинчи чечен согушунан соң адватчылар региондо ислам мамлекетин куруугу бел байлаган. Акыркы жылдары козголоң Түндүк Кавказдын башка аймактарына да жайылууда.

Былтыр октябрда Чечен парламентине согушчандардын чакан тобу кол салып, алар жок кылынганга же өздөрүн жарып жибергенге чейин үч адамдын өмүрүнө зобун келтирген. Бир жыл мурда августта согушчандар Чечен президентинин киндик каны тамган кыштактактагы үйүнө чоң чабуул жасаган.

XS
SM
MD
LG