Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

Кададфинин уулдары билдирүү жасашты


Муаммар Каддафинин эки уулу карама-каршылыктуу билдирүү жасашты. Саиф ал-Ислам сириялык “Аррай” сателлит каналы аркылуу жасалган кайрылуусунда атасын Триполи шаарынан сүрүп чыгарган күчтөргө каршы күрөшөөрүн айтып, Сирте шаарында 20 миңдей куралчан адам козголоңчуларга туруштук берүүгө даяр турушат деп эскертти.
Ливиянын Улуттук өткөөл кеңеши каддафичилер ишембиге чейин куралдан баш тартышпаса, күч колдонушаарын айтышкан. Каддафинин Саади деген уулу болсо кан төгүүнү токтотуу үчүн өткөөл кеңеш менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын ырастоодо. “Ал-Арабия” каналына берген интервьюсунда Саади андай ыйгармды ага атасы бергенин кошумчалады. Триполидеги антиөкмөтчүл армиянын командачысы Абдел Хаким Белхадинин айтымында, Саади анын коопсуздугу камсыздалса, өткөөл кеңешке кошулуу каалоосун билирген.
Буга чейин СиЭнЭн телеканалы Саади колго түшүү планын четке какканын маалымдаган.
Бүгүн Парижде дүйнөнүн 60 чакты лидери чогулуп, Ливиянын келечегин талкуулашмакчы.

XS
SM
MD
LG