Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Баткендеги 4 мектепте окуу чатырда башталды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди. Баткендеги бул төрт мектеп 20-июлда болгон жер титирөөдө жараксыз абалга келген. Мындан улам аларды кайра куруу маселеси турат. Андан тышкары зилзаладан зыян келген 60тай мектеп да оңдоп-түзөөгө муктаж.

“Чыгымдардын эсеби толук бүттү. Ошого карата бюджеттен кошумча каражаттар керек болуп жатат. Бирок жалпысынан утурумдук оңдоп-түзөөлө турган мектептерде даярдыктар жакшы эле. Ошо төрт мектепке убактылуу окуу үчүн чатырчалар жеткирилген”,-деди Канат Садыков.

Кыргызстанда жалпы 2197 мектеп бар. Бул жылы 93 миңдей өспүрүм биринчи класстын босогосун атташты. (KKs)

XS
SM
MD
LG