Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

Садыр Жапаров президент аппаратын күнөөлөп жатат


Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин төрагасы Садыр Жапаров парламенттин бүгүнкү жыйынында атайын сөз алып, 15-августтагы парламенттин кезексиз жыйынын үзгүлтүккө учураткан митингди президенттик аппарат уюштурган деп билдирди. Анын айтымында, ал күнү президенттик аппарат атайын Таластан митингчилерди чакырып, Бишкектеги Лев Толстой көчөсүндөгү жумуш издеген адамдарды жана бюджет кызматкерлерин митингге чыгууга үндөгөн. Жапаров бул маалыматтар тастыкталганын, парламенттин жыйынынын өтпөй калышына президент аппаратынын жетекчиси Эмилбек Каптагаев баштаган адамдар жана айрым депутаттар кызыктар болгонун билдирүүдө.

Мындай кескин сындоолорго президент аппараты азырынча расмий жооп кайтара элек.

Сотторду тандоо кеңеши тандаган судьяларды бекитүү маселеси боюнча, 15-августта парламент кезексиз жыйынга чогулган. Бирок бул жыйындын түшкө чейинки бөлүгү Ак үй алдында өткөн эки митингден улам үзгүлттүккө учураган. Митингге чыккандар апрель сотунда сот жообуна тартылган мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыевдин үй камагына бошотулушуна нааразы болушуп, жаңы тандалган судьяларды бекитпөө талабын коюшкан. Митинг учурунда айрым депутаттар ур-токмокко кабылганы да айтылган.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров митингге Каптагаевдин тиешеси бар экендигин айтып чыккан. Ага президентинин басма сөз кызматы дароо жооп кайтарып, “митингди президент аппаратынын жетекчиси Эмилбек Каптагаев уюштуруп жатат” деген сөзү чындыкка жатпай тургандыгын билдирген. Ошондой такталбаган маалыматка таянып маалымат таратуу депутатка жарашпай тургандыгын белгилеп, президент аппараты депутат Жапаровду айткан сөздөрүнөн баш тартууга чакырган. (KKs)

XS
SM
MD
LG