Келе жаткан жыл үчүн Кыргызстан бюджетинин долбоору алигиче Жогорку Кеңешке келип түшө элек. Бул тууралуу парламенттин Бюджет жана каржы комитетинин төрагасы, депутат Акылбек Жапаров парламенттин бүгүнкү 2-сессиянын алгачкы жыйынында билдирди. Депутат мыйзамга ылайык, 1-сентябрга карата өкмөт бюджеттин жаңы долбоорун сунушташы керектигин белгиледи. Натыйжада мындай өтүнүч Жогорку Кеңештеги өкмөт өкүлүнө кабарланды. (KKs)