Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

Президент Жогорку Сотко 14 судьяны сунуштады


Президент Роза Отунбаева Жогорку Сотко 14 судьянын талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында төрага Ахматбек Келдибеков билдирди. Анын айтымында, бул талапкерлер алгач комитеттерде талкууланышы керек.

Сотторду тандоо кеңеши август айынын башында Жогорку Сотко 29, Конституциялык палатага 11 судьянын талапкерлигин жактырып, ал судьяларды президенттин кароосуна жөнөткөн. 15-августка чейин президент Конституциялык палатага сунушталган талапкерлерди карап чыгып, алардын ичинен үчөөнү гана Жогорку Кеңешке сунуштаган. Үч талапкердин экөөсү гана депутаттардын колдоосуна ээ болгон. Мыйзамга ылайык, Сотторду тандоо кеңеши тандаган судьялар алгач президенттин кароосунан, андан соң Жогорку Кеңештин кароосунан өтөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG