Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

Лукашенко саясий туткундары бошотом деди


Беларус президенти Александр Лукашенка бир жарым айдын ичинде бардык саясий туткундарды бошотууга убада кылды. Болгариянын тышкы иштер министри Николай Младеновдун айтымында, Лукашенка өткөн жумадагы жолугушуу учурунда октябрдын ортосуна чейин саясий туткундарды азат кылууга сөз берди. Бул тууралуу Младенов Евробиримдиктин башка мүчөлөрүн жана шаркеттин тышкы иштерин жетектеген Кэтрин Эштонду кечээ кабардар кылды. Лукашенка ошондой эле өкмөт, оппозиция жана бейөкмөттүк уюмдар ортосундагы сүйлөшүүлөргө жетекчилик кылаарын айтканы маалымдалды. Беларус бийлиги былтыркы президенттик шайлоодон кийин башталган нааразылык акцияларынан кийин ондогон активисттерди жана оппозициячыл саясатчыларды камап салган.

Алардын чакан тобу мунапыска туш болуп коё берилген.

XS
SM
MD
LG