Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Жогорку Кеңеш бүгүн ишин комитеттерде жана фракцияларда улантат


Кечээки отурумдун аягында кабыл алган чечимге ылайык бүгүн парламенттеги комитеттер сот системасын реформалоонун айланасындагы маселелерди карамакчы. Ушул эле теманы бүгүн фракциялар да ички жыйындарында талкуулашы күтүлүүдө.
Кечээ V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш 2-сессиясын баштаган. Анда фракциялар парламенттин Сот-укук маселелер боюнча комитетинин төрагасы Садыр Жапаровго суроо берип, андан соң талкууланып жаткан маселени тиешелүү комитеттен кароону чечишкен.
Сот реформасын көзөмөлдөө боюнча жарандык уюм Сотторду тандоо кеңеши Конституциялык палатага жана Жогорку сотко судьяларды тандоону акыйкат жүргүзгөн жок деген нааразычылыктарын билдирип, кеңештин мурдагы төрагасы Замирбек Базарбеков ЖК депутары Садыр Жапаровдун жакыны деп маалымдап чыгышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG