Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

13 талапкер БШК эсебине күрөө акчасын которду


Боршайкомдун басма сөз кызматы билдиргендей, 2-сентябрга шайлоо алдында күрөөгө коюлчу 100 миң сом эсебинде каражатты талапкерлер: Темирбек Асанбеков, Кубатбек Байболов, Сейтек Байгуттиев, Эркин Бөлөкбаев, Гайша Ибрагимова, Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Курманбек Осмонов, Жусупжан Пиримбаев, Өмүрбек Суваналиев, Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Текебаев жана Нариман Түлеев которду.

Эске салсак, буга дейре айрым талапкерлер күрөөгө акча коюну алып салууну сунушташкан. 23-августта президентикке талапкерлер Назарбек Нышанов, Жамбыл Камчиев, Ырыскелди Абышев, Калмамат Мыктымбаев жана Дамира Токтосунова шайлоо алдында күрөгө 100 миң сом акча коюну караган жобону алып салуу сунушу менен чыккан эле.

Президентикке өзүн-өзү көрсөткөн Назарбек Нышанов бул талапкерлерди материалдык абалы боюнча кемсинтүүгө тете деп баалап, жобону бийликке капчыктуулардын эле келишин караган чара катары баалаган эле.

Кыргызстанда шайлоо 30-октябрга белгиленген. Президент болом дегендер саны азыр 78 адамды түзөт. (ЕК)

XS
SM
MD
LG