Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:29

Мамлекеттик кадр кызматын жоюу демилгеси сынга алынды


Мамлекеттик кадр кызматы бүгүн билдирүү жасап, анда министр Учкунбек Ташбаевдин бул кызматты жою сунушу негизсиз экендигин белгиледи.

Билдирүүдө мамлекеттик кадр кызматы жакын адамдарын кызматка алуу мүмкүн болбой жаткандыктан айрым министр жана мамлекеттик орган жетекчилерине жакпай тургандыгы айтылды.

Эске салсак, өткөн аптада Экономикалык тескөө министрлиги мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзамды жокко чыгарууну жана статс-катчылар институтунун жоюуну сунуштаган. Министрлик өлкөнүн экономикасын либералдаштыруу жараяны жүрүп жаткандыгын айтып, бул мамлекеттик башкаруу системасын реформалоону талап кылаарын жүйөө кармап жатат. Жаңы демилгеге ылайык мамлекеттик кызматка адамдарды контракттык негизде алуу, бул үчүн мурда уюштурулуп келген сынакты жана аны ишке ашырып келген Мамлекеттик кадр кызматын жоюуну карайт. Бул үчүн министрлик адистерден турган мекемелер аралык комиссия түзүүнү сунуштаган эле. (ЕК)

XS
SM
MD
LG