Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

Отунбаева Шинжан-Уйгур автоном районунун жетекчиси менен жолукту


Президент Роза Отунбаева Кытайдагы иш сапарынын алкагында Шинжан-Уйгур автономдук районунун партиялык комитет катчысы Чжан Чуньсянь менен жолугушту. Кытай өкүлү Отунбаеваны эл аралык ЭКСПО көргөзмөсүнө катышып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушууда тараптар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу, инфраструктураны жакшыртуу, Кыргызстанга инвестиция тартуу долбоорлору тууралуу пикир алмашты.

Мындан тышкары Президент Роза Отунбаева менен Шинжан-Уйгур автоном районунун партиялык комитет катчысы Чжан Чуньсяньдин ортосунда кыргыз студенттеринин гранттык негизде Кыйтайда билим алуусу боюнча макулдашуулар жетишилди.

Жакынкы күндөрү Кыргызстанда Кытай маданиятынын күндөрү, андан соң Кытайда Кыргызстан маданиятынын жумалыгын белгилөө маселеси да көтөрүлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. (ЕК)

XS
SM
MD
LG