Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Он күн ичинде жол кырсыгынан 8 бала каза таап, 47си жараат алды


Бул тууралуу Мамлекеттик жол коопсуздугу башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 1-сентярбда Бишкектеги Ден Сяопин көчөсүндө 16 жаштагы 9-класстын окуучусу Елена Придопкина жол кырсыгына кабылып, каза тапты.

Жол коопсуздугу башкармалыгы тарабынан жаңы окуу жылынын ачылышына карай “Абайлагыла, балдар!» деп аталган бир айлык акция жүрүүдө. Иш-чара жалпы Кыргызстан аймагында өтөт, бул аралыкта мамлекеттик автоинспекциясы тарабынан унаа көп жүргөн жолдордогу түрдүү белгилерди жаңыртып, жолчырактарды оңдоо иштерин жүрүп жатат. Мындан тышкары жайкы эс алуудан кайткан мектеп окуучуларына жолдо жүрүү эрежелери үйрөтүлүүдө. Ошондой эле бардык айдоочуларга жол коопсуздугун так сактоо эскертилген. “Абайлагыла, балдар!" акциясы 20-сентябрга чейин созулат. (ЕК)

XS
SM
MD
LG