Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:06

Ооганстан, Пакистан, Тажикстан, Россия НАТОго кайрылды


Ооганстан, Пакистан, Тажикстан жана Россия президенттери Ооганстандагы НАТО башындагы коалициялык күчтөрдү өлкөдөн чыгып кеткен соң ооган коопсуздук күчтөрүн машыктырууну регулярдык негизге койууну сурады. “Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлерди чыгарып кетүү эл аралык күчтөрдүн Ооганстандын коопсуздук кызматтарын машыктыруу жана куралдандырууну жакшыртуусу менен коштолууга тийиш”, - деп белгиленет Дүйшөмбү саммитинен кийин лидерлер жасаган билдирүүдө. Төрт президент экстремизмге, маң аткезчилигине жана уюшкан кылмышкерликке каршы эриш-аркак иштешели деп макулдашты. Алар регионалдык сооданы чыңдоонун, энергетикалык долбоорлор жана жол катнашы боюнча кызматташунун зарылдыгына да көңүл бурушту. Төрттүктүн келерки жыйыны Пакистанда болот.

XS
SM
MD
LG