Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:03

Ош: Бузуруков абакта кыйноодон өлдүбү?


Оштогу тергөө абагы.
Оштогу тергөө абагы.

Ош шаарындагы убактылуу тергөө абагында 63 жаштагы өзбек тектүү Маматазиз Бузуруков каза тапты.

Бул тууралуу Оштогу «Акыйкаттык – чындык» укук коргоо уюму айтып чыкты. Уюмдун белгилешинче, маркумга сурак учурунда кыйноолор көрсөтүлгөн. Бирок мындай маалыматты түрмө жетекчилери менен дарыгерлери четке кагып, Бизруков жүрөгү кармап каза тапкан деп ырастап жатат.

«Акыйкаттык – чындык» укук коргоо уюмунун жетекчиси Равшан Гапиров “Азаттыкка” белгилегендей, Ош шаарындагы убактылуу тергөө абагында жаткан 63 жаштагы өзбек тектүү тургун Маматазиз Бизруков 1-сентябрь күнү кечинде, 23:30дар чамасында каза тапкан.
Укук коргоочунун айтымында, Бузуруковго сурак учурунда түрдүү кыйноолор көрсөтүлгөн:

- Муну убактылуу кармоочу жайда кыйноого алышкан. Түрдүү жолдор менен, маселен электрошок менен эркектик тукумуна басышкан. Ал кыйноолор сурак кылып аткан жерде күнөөлөрүн мойнуна алдыруу үчүн жасалган. Анан камакта жаткан жерде көптөн бери ооруп жүргөн экен. 3-4 күндөн бери таптакыр заара ушата албай калган экен. Анан түндө каза болуптур.

Гапировдун билдиришинче, маркум Маматазиз Бузуруков былтыркы июнь окуяларында «адам өлтүргөн, массалык баш аламандыкка катышкан» деген айыптар менен шектелип 2 айдан бери абакта жаткан. Соту белгисиз себептер менен соту да созулуп келиптир:

- Маматазиз Бузуруков «№97 адам өлтүрүү» жана «№233 массалык башаламандыкка катышкан, уюштурган» деген беренелер менен айыпталып жаткан. Кармалганына 3 айга чукулдап калыптыр. Азыр соту боло элек.

Укук коргоо органдары болсо Маматазиз Бузуруковдун уруп-сабалгандыгы тууралуу маалыматтарды четке кагууда. Оштогу жаза аткаруу департаментинин дарыгер-терапевти Даргүл Исраилова Бузуруковдун денесинде зомбулуктун белгилери жок экендигин далил кармап, жүрөк оорусу кармап, инфарктан каза тапты деп маалымдады:

- Маматазиз Бузуруков бизге келгенде деле денесинде эч кандай жарат жок болчу. Бул жерден деле аны эч ким уруп-сабаган жок. Ал мурдатан жүрөк оорусу менен ооруп жүргөн экен. Ошол күнү кечки 11лерде инфаркты кармап эле каза болгон. Реанимациялык топ келип текшергенде дагы анын денесинен жүрөк ооруларынн белгилерин аныкташкан. Кийинки медициналык экпертизанын жыйынтыгы да ушундай чыгып жатат.

Деген менен маркум Маматазиз Бузуруковдун жакындары анын жүрөк дарты менен буга чейин таптакыр оорубагандыгын айтууда. Ага карабай журналисттерге алар маалымат берүүдөн баш тартышты. Мунун себебин маркумдун аялы абакта жаткан уулунун коопсуздугу менен байланыштырууда.

Маалым болгондой анын бир уулу Махамаджан Бузуруков да атасы менен абакта бирге жаткан болчу. Ош шаарынын Гүлчө көчөсүндөгү үйүнөн таап, кепке тартканыбызда маркумдун жубайы буларды айтты:

- Азыр маек бере албайм. Мени «эч нерсе айтпа» деп коюшту. Балам дагы деле түрмөдө жатат. Башкасынан да мага баламдын аманчылыгы керек. Бир нерсе гана айта алам, күйөөм буга чейин жүрөк оорусу менен эч качан ооруган эмес.

Буга чейин айтылып келгендей, бул ачыкка чыгып аткан биринчи факты эмес. Мындан бир айча мурда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБисинде Орусия жараны Усманжан Холмирзаев аттуу адамдын кыйнап өлтүрүлгөнү ачыкка чыккан.

Бул иштен кийин Президент Роза Отунбаева атайы Ошко келип, күч органдарына эскертүү жасаган болчу:

Президент Роза Отунбаева Оштогу абактарды кыдырууда, 2011-жылдын 17-августу.
- Абактардагы кыйноо азыр абдан курч болуп кетти. Биздин да көңүл борборубузда турат. Бул боюнча мага конкреттүү фактылар келип атат. Алдын алуу боюнча иштерди жасап жатабыз. Бирок акыркы факты - Базар-Коргон РИИБинде Орусия жараны Холмирзаев аттуу адамдын өлүмү бизди көп кабатыр кылууда. Мунун баарын тез арада токтотуу керек.

Аймактагы тартип коргоо органдары менен жолугушууда ал ошондой эле, жыл башынан бери кыйноо фактылары боюнча быйыл 7 ай ичинде эле 34 кылмыш иши козголгонун айтып, бул өткөн 2010-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп экенин белгилеген. Андыктан кыйноо аракеттери үчүн тартип коргоо кызматкерлерине карата чараларды катаалдаштыруу керек деген президент.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG