Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Күйдүргүгө кабылгандардын саны онго чукулдады


Жыл башынан бери Кыргызстанда күйдүргүгө кабылган он учур катталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” республикалык карантин жана өзгөчө кооптуу оорулар борборунун бөлүм башчысы Кубанычбек Бектурдиев билдирип, онунчу учур азыр дагы такталып жатканын ачыктады. Анын айтымында, күйдүргү илдети Ош жана Жалал-Абад облустарында гана катталууда.

Бул көрсөткүч 2010-жылга салыштырмалуу азыраак. Былтыр бир жыл ичинде 28 адам күйдүргүгө кабылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG