Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:26

Кыргыз-тажик президенттери чек ара маселесин талкуулашты


Президент Роза Отунбаева Дүйшөмбү шаарындагы КМШ саммитинин алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, эки тарап региондогу коопсуздук, эл аралык терроризмге каршы биргелешкен чаралар, экстремизмди алдын алуу жана кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан аймактардагы көйгөйлөрдү жөнгө салуу маселесин талкууга алышты. Мамлекет башчылар эки өлкөнүнүн жергиликтүү бийлик органдарынын, чек ара кызматтарынын иш байланыштарын кеңейтүү зарылдыгын белгилешип, биргелешип чек арадагы кырдаалдарды ыкчам жөнгө салуу жана алдын алуу керектиги айтылды.

Андан тышкары эки тарап энергетика коопсуздугун жана электроэнергияны экспорттоо, соода катыштыгын өнүктүрүүдө транспорттук байланыштарды жакшыртуу маселелерин да талкуулады.

Бүгүн Дүйшөмбү шаарында КМШ өлкө башчылар кеңешинин жыйыны өтүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG