Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Душанбеде КМШнын мааракелик саммити аяктады


КМШнын Аткаруу комитетиинин төрагасы Сергей Лебедевдин билдиргенине караганда, саммитте “ага катышкан мамлекет башчылардын баары КМШны сактоо гана эмес, аны өнүктүрүү зарылдыгын ырасташты”. Жыйындын конок ээси – Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун айтымында, алдыда “артыкчылык экономикалык кызматташтыкка берилет”. Бүгүнкү саммитте тараптар 11 документке кол коюшкан.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги уюшулганына быйыл жыйырма жыл толууда. Уюмга азыр он бир өлкө мүчө. Грузия КМШ курамынан 2009-жылдын августунда чыгып кеткен.

Душанбедеги саммитке Өзбекстан менен Азербайжан, Беларустун президенттери келбей, алардын ордунда премьер-министрлер болушту. КМШда төрагалык кылуу милдети Тажикстандан Түркмөнстанга өтөт.

XS
SM
MD
LG