Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Талапкерлердин тил сынагы 7-сентябрга белгиленүүдө


Президенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин мамлекеттик тил боюнча сынагы 7-сентябрга белгиленип жатканын “Азаттыкка” БШК мүчөсү Жеңиш Акматов билдирди. Маалыматка ылайык, кыргыз тил сынагын 12 филолог адистерден турган комиссия өткөрөт. Анын жүрүшү мамлекеттик каналдардын бири аркылуу түз эфирде көрсөтүлүүгө тийиш.

Талапкер кандай тартип менен сынакка катышаары, сынактын графиги келе жаткан аптанын башында такталмакчы. Жеңиш Акматов белгилегендей, тил сынагына 100 миң сомдук күрөөнү БШКнын эсебине которгондор гана кире алат.

30 миң колду талапкерлер 10-сентябрга чейин бериши керек. Азырынча 78 адамдан 13 талапкер гана 100 миң сомдук күрөөнү төккөнү маалым. Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрда өтөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG