Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

Израилдеги нааразылык акциясына жүз миңдеген адам катышты


Кечээ кечиндеги демонстрациялар азыркы Израилдин тарыхында эл көчөгө эң көп чыккан учурлардын бири болду. Жашоонун кымбаттыгына нааразылык билдиргендер Тель-Авивде, Иерусалимде, Хайфада жана башка жерлерде чогулушту.Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, борбор Тель-Авивдеги демонстрацияга 300 миңден ашуун адам чыкты. Демонстранттар өлкө байлыгын адилет бөлүштүрүүгө, турак –жайдын, билим алуунун, саламаттыкты сактоонун, тамак –аштын баасын арзандатууга чакырышты.

XS
SM
MD
LG