Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:55

Марафондон дүйнө чемпиондугун кениялык жөө күлүк жеңип алды


Жеңил атлетика боюнча Түштүк Кореянын Тэгу шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында кениялык Абель Кируи 42,2 чакырым аралыкты эки саат, жети минут, отуз сегиз секундда багындырды. Ал мындан эки жыл мурун Берлинде да рекорд жаратып, алтын медаль тагынган. Быйылкы марафондо экинчи орунду да кениялык жөө күлүк Винсент Кипруто, үчүнчү орунду эфиопиялык Фейисе Лилесе ээледи.

Жеңил атлетика боюнча быйылкы дүйнө чемпионатында командалык эсепте биринчи орунда азыр тогуз алтын медаль менен АКШ, экинчи орунда жети алтын медаль менен Кения бара жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG