Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:06

Аймактык шайлоо комиссиялары окуудан өтүштү


Боршайкомдун мүчөсү Алмаз Асаналиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, президенттик шайлоого карата Кыргызстандагы бардык аймактык шайлоо комиссия мүчөлөрү окуудан өтүштү. БШК мүчөлөрү жана тиешелүү адисттер өрөөндөргө бөлүнүп, жалпы 58 аймактык шайлоо комиссияларына шайлоо өткөрүүнүн тартибин үйрөтүштү:

“Биринчиден, комиссия мүчөлөрүнүн милдеттерин, укуктарын жана акыркы конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү үйрөттүк. Алар Борбордук шайлоо комиссиясынан кийин эле участкалык комиссияларды да окута турган, ошолордун суроолоруна жооп бере турган орган болгондуктан аймактык шайлоо комиссияларын өзүлөрүнүн ишин билгендей кылып үйрөтүп жатабыз”,-деди БШК мүчөсү Алмаз Асаналиев.

30-октябрга белгиленген президенттик шайлоо үчүн Кыргызстандан тышкары 23 өлкөдө 29 шайлоо бекети ачылат. Бардыгы республика боюнча 2289 шайлоо участкалары түзүлөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG