Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17
Azattyk Twitter

Аксыда күйдүргүгө шектелгендер көзөмөл алдында


Аксы районунун Семет айылынын бир тургуну күйдүргүгө шектелип, ооруканага жаткырылгандан бери айылда мал союлган жана эт бөлүнгөн жерлер зыянсыздандырылып бүттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигини басма сөз кызматкери Абдишарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди. Күйдүргү оорусуна күмөндөлүп жаткан 25 адамдын дене температурасы күнүнө 2 жолу өлчөнүп, тиешелүү дарылар берилип жатат.

30-августта айыл тургуну Таалай Назанов күйдүргү оорусуна кабылды деген шек менен ооруканага жаткырылган. Азыр ооруканада дарыланып жатат. Маалыматка ылайык, ага чейин айыл тургундары мандемдүү эчки союуп, төрт үй-бүлө этин бөлүп алышкан.

Республикалык карантин жана өзгөчө кооптуу оорулар борборунун маалыматы боюнча Кыргызстанда жыл башынан бери 10 күйдүргү фактысы катталды. Алар Ош жана Жалал-Абад облустарына туура келет. (KKs)
XS
SM
MD
LG