Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Элден куралды кайтаруу маселеси териштирилет


Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети өткөн жылкы апрель, июнь коогалары учурунда жоготулган курал-жарактын кайра кайтарылышы тууралуу маселени карайт. Буга байланыштуу маалымат менен Кыргызстандын аскер прокурору Виктор Иванов тааныштырат. Андан тышкары отурумга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев, Өзгөчө кырдаалдар министри Болот Борбиев, Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев, Президент аппаратынын Коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүм башчысы Бусурманкул Табалдиев, Өкмөт аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүм башчысынын орун басары Замир Молдошев чакырылган.

Өткөн жылкы апрель, июнь коогалары учурунда жоготулган курал-жарактын дээрлик жарымынан көбү кайтарылбай, элдин колунда калып жатканы айтылып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG