Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Обама "Айрин" ураганынан жабыркаган Нью-Жерси штатында болду


Жекшебиде АКШ президенти Барак Обама өлкөнүн түндүк-чыгышында бир нече күн мурда катуу куюндан жабыркаган аймактарда болду. Обама учак менен миңдеген кишилер суу каптоодон турак жайын таштоого мажбур болгон калктуу аймактарды көрүп чыкты. Ак үйдүн өкүлү Жей Карни билдиргендей, президент аймактык бийликтер табыгий кырсыктан жапа чеккен райондорду калыбына
келтирүү тууралуу так сунуштарды угууну болжолдогон.

Бир нече күн мурда АКШнын чыгыш жээгинде ондогон кишинин өмүрүн алган "Айрин" ураганынан суу каптап Нью-Жерси штаты табигый кырсык аймагы деп аныкталган.

XS
SM
MD
LG