Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Алжир Каддафинин үй-бүлөсүн кабыл алганына өкүнбөйт


Алжир бийлиги Ливиянын куулган лидери Муамар Каддафинин үй-бүлөсү үчүн баш калка берген чечими үчүн өкүнбөстүгүн жарыя кылды.
Премьер-министр Ахмед Уяхья бул чечимди «гуманитардык кадам»
деп, Каддафинин жакындары алжирликтер тарабынан коргоодо жана
камкордукта экенин белгиледи. Алжир бийлигинин мындай чечимин Ливия адаватчылары басынтуу актысы катары баалашууда.

Август айынын соңунда Муамар Каддафини мурдакы жубайы Сафия, кызы Аиша жана балдары Мохаммед менен Ганнибал Алжирге качып кетишкен болчу. Чек араны кесип өткөндөн бир нече сааттан кийин Аиша кыз төрөгөнүн маалымат агенттиктери белгилешкен.

XS
SM
MD
LG