Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

Каржы полициясы аткезчиликке шектелген кызматкерин коргоодо


Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каржы полиция кызматы бул мекеменин кызматкери Улан Бабаевдин кара май аткезчилигине шектелишин шашылыш жасалган кадам катары сыпаттоодо. Каржы полициясынын басма сөз кызматы таркаткан маалыматта, кылмыш иши дале сот органдарына жөнөтүлбөгөнү, Тажикстанга күйүүчү майлардын мыйзамсыз ташылышына Улан Бабаевдин тиешеси бар же жогун сот гана аныктары айтылган.

Өткөн аптада Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Калыбек Сатыбалдиев күйүүчү май аткезчилиги боюнча жыл башынан бери 10 кылмыш иши козголуп, ондон ашуун киши кармалганын кабарлаган. Алардын ичинде каржы полициясынын кызматкери Улан Бабаев да бар экени айтылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG